Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бүгүн, 2018-жылдын 8- июнунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын жергиликтүү соттору менен  видео конференц байланышы болуп  өттү.

Видео конференц байланыш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген  жаңы Жарандык — процесстик кодексинин ченемдерин колдонууда пайда болгон көйгөйлөрдү  талкуулоо болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары бирдиктүү сот практикасын  иштеп чыгууда, ошондой эле   биринчи жана  экинчи инстанциялардагы соттордун ишинде болуп жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.  Талкуу учурунда  жергиликтүү соттор онлайн режиминде  сурооолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты.