Бүгүн, 2018-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева USAID долбоорунун баалоочулары  Адам Рейсман жана  Икбол Назаров менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле  Төрайымдын орун басары Феруза Джамашева, Жогорку соттун Эл аралык  кызматташтык боюнча секторунун башчысы Асель Кенжетаева катышты.

Тараптар 2011-жылдын 2018-жылга чейин  USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасын  талкуулашты.