Ушул жылдын 11нен 28-июнга чейин  Кытайдын Пекин жана Ланьчжоу шаарларында  Борбор Азия  өлкөлөрүнүн  судьялары үчүн семинар  өтүп жатат.

Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары  Памирдин Жумагулов жана Айбек Давлетов, ошондой эле  Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы,  Ош облусунун  Өзгөн райондук сотунун судьясы  Чолпон  Каримбаева,  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун  судьясы  Айгуль Уметовалар  катышууда.

Аталган семинар  эл аралык деңгээлде  сот тутумундагы кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соттук коммуникация боюнча платформаны түзүү жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Борбор  Азия өлкөлөрү үчүн  семинарды Кытай Эл Республикасынын  Коммерция министрлигинин алдындагы эл арлык  бизнестин расмий өкүлдөрү үчүн  Академиясы, ошондой эле  Кытайдын Жогорку элдик сотунун алдындагы  судьялардын мамлекеттик институту  уюштуруп жатат.