Өткөн аптада 6-июнь күнү Эл өкүлдөрү сот тутумунун ишмердүүлүгү  жөнүндө 2017-жылга карата кеңири  маалыматы угушуп жактырышты. Анда  Жогорку  соттун  Төрайымы Айнаш  Токбаева  коомчулукта  айтылып  жүргөн  бардык  суроолорго ирети менен  токтолуп толук  жооп  берди. Төрайым сот адилеттигин тиешелүү деңгээлде ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүп жатканына токтолду. Алардын ичинен эң негизгиси сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелерин кошумчалады. Мына  ушул  жана  башка сот тутумундагы  жасалган  иштер  туурасында Жогорку  соттун төрайымы  менен  кенен  маектештик.

 Технология  өнүккөн  заманда элдин  талабы  да өзгөрдү  талаптар  да  башка  болуп калды. Азыр үйдөн  чыкпай  эле сот  актылары  менен  таанышууга  шарттар  түзүлдү. Өзүңүз белгилегендей учурда атайын адистештирилген сайт  ачылып тараптар таанышууга да мүмкүнчүлүк  түзүлүптүр.Деги сот тутумундагы ачык-айкындуулук  туурасында эмнелерди  белгилейт элеңиз?

 Жарандарды сот ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен камсыз кылуу максатында sot.kg жана act.sot.kg интернет-сайттары туруктуу түрдө иштеп, act.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Аталган сайтта учурда 88 000 ден ашык соттук актылар жарыяланган. Бул соттук актылардын абдан чоң базасы. Аны менен судьялар, адвокаттар жана юристтер гана эмес, ар бир кызыккан тараптар таанышууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, ачык-айкындуулукка  жетишүү максатында соттун имараттарында жана соттук процессти өткөрүү залдарында үн менен видео жазуу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы убакытта Жогорку сот тарабынан жумушчу курам түзүлүп, соттук процессти өткөрүү залдарында жүргүзүлгөн үн менен видео жазууларды ишке катышкан тараптардын арыздарынын негизинде берүү жагын камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Өз учурунда бул сот отурумдарынын ачык-айкындуулугун арттырат жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатып, кынтыксыз жүрүм-турумга, судьялык этиканы сактоого өбөлгө түзөт. Ал эми Бишкек шаардык сотунда пилоттук түрдө аудио-видео протокол жазуу системасы ишке ашыруу стадиясында, мында тийиштүү жабдуулар алынып, орнотулуп жатат, жакынкы аралыкта бул система ишке киргизилет.

Соттордун ишмердүүлүгүнө IT-технологияларды киргизүү жөнүндө  укканыбыз  бар.  Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү багытында Жогорку сотто кандай  иштер  жүрүп жатат?

-Сиздер  жакшы  билесиздер  мындай  чоң долбоорлорду  ишке  ашыруу өтө  чоң  көлөмдөгү  каражатты талап  кылат. Андыктан, донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп жатат. Айта кетсем, азыркы күндө үч пилоттук сотто тагыраагы Аламүдүн, Свердлов райондук сотторунда жана  Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда  автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө жана жакын арада бул система Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалууда. Бүгүнкү күндө Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы толугу менен киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат. Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзүп, бюрократиялык көрүнөштөрдү жоюп, сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп,  арыз берүүчүлөр менен сот системасында иштегендердин ортосундагы байланышты төмөндөтүп, жыйынтыгында соттордун, сот аткаруучулардын  ишин оптималдаштырат.  Бирок белгиленген иш чараларды ишке ашыруу чоң суммадагы каржылоо маселесин жаратууда, ошондуктан бул демилгелер мамлекет тарабынан колдоого алынып, чечилүүгө жатат. Аталган иш чаралар менен чектелбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мындан ары дагы жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууда, олуттуу иш чараларды жүргүзүүнү пландаштырууда. Себеби, биздин негизги максатыбыз — көз караандысыз, адилеттүү сот системасын түзүү жана элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу.

 Бирдей соттук  практиканы  түзүү боюнча Жогорку  соттун  Пленумунун  иши бир  топ  жанданып тиешелүү   токтомдор  кабыл алды.Кабыл  алынган токтомдордун актуалдуулугу багытында эмнелерди  айта аласыз?

-Жогорку сот 2017-жылдын ичинде жана бүгүнкү күнгө чейин бирдей соттук практиканы түзүү боюнча 10 Пленумдун токтомдорун кабыл алган, алар сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз таасирин тийгизет деп ишенем. Айта  кетсем, 2017-жылдын 13-октябрында “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” Пленумдун токтому кабыл алынган. Аталган токтомду кабыл алуу актуалдуу экенин соттук тажрыйбаны иликтөө  көрсөтүп, бул категориядагы кылмыштар боюнча бирдей соттук тажрыйбанын жоктугу соттордо айрым кыйынчылыктарды жаратып жатканы аныкталган. Бул токтомдо мындай категориядагы иштерди кароодо жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жашоо шарттары, тарбиясы, ден-соолугунун абалы жана жасалган жосундардын себептерине байланышкан жагдайлар аныкталууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Муну менен бирге, соттор мүмкүн болушунча жашы жетпегендердин кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүп, адилеттүү жаза белгилеп, жыйынтыгында соттун иши жаңы кылмыштарды жасоонун алдын-алууга багытталышы керек деп аныкталган.

Ошону менен бирге бирдей соттук практиканы түзүү максатында Жогорку сот заманбап технологияларды дагы колдонууда. Айта кетсем, Жогорку сотко жана облустук сотторго видео-конференц байланыш системалары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практика боюнча пайда болгон суроолорду жана маселелерди талкуулап, мыйзамды туура колдоонуу түшүндүрүлүүдө.

Судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоо системасы иштелип чыгып, киргизилгенин билебиз.Ошондой  эле  бүгүнкү  күндө соттордун  жүктөмдөрү да нормадан ашык  экенин угуп жүрөбүз. Бул  ишке  кандай таасирин тийгизип жатат?

— Алгач судьялардын ишин  баалоо туурасында  айта турган болсом. Ар бир судьясынын ишмердүүлүгү баардык каралган иштердин сапаты жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу ар бир квартал сайын бааланат. Мындай баалоо соттордун иштерди мыйзам чегинде жана өз убагында кароо боюнча жоопкерчилиги менен бирге сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жакшыртууга алып келет. Белгилей кетчү нерсе, калк арасында сот тутумуна  карата нааразычылыкты жараткан негизги көйгөлөрдүн бири катары судьялардын иштерди кароодо жана чечүүдө негизсиз создуктурушу да турат. Элдер судьялар иштерди жылдап карашат жана мындайга жол берилбеши керек деген ойдо. Биз да муну абдан туура жана негиздүү деп эсептейбиз.  Ошондуктан жогоруда белгилеп кеткен судьялардын ишин баалоо системасына да судья ишти мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу боюнча маалыматты  талап кылып, судьянын ишти негизсиз создуктурбоого шарттайбыз. Бул багытта областтык соттордун төрагаларына да тиешелүү тапшырмалар берилип, көзөмөл жүргүзүү жагы жүктөлгөн.

Ал эми экинчи сурооңузга жооп бере турган болсом, бүгүнкү күндө республикадагы биринчи инстанциядагы соттордун жүктөмдөрүнүн нормативде белгиленген көлөмүнөн 3-4 эсеге көп. Мисалы айрым соттордо бир айда бир судья 65-70 ишти карайт. Мындай жүктөм каралып жаткан ишти ар тараптуу жана тиешелүү түрдө талданбаган соттук акты кабыл алышына жана ишти создуктуруу менен чечилишине себеп болушу мүмкүн. Жыйынтыгында сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты да жабыркоодо. Андыктан жергиликтүү соттордун штаттык санын көбөйтүү маселеси курчууда. Сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жакшыртуунун дагы бир приоритеттүү багыты судьялардын кесиптик деңгээлин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Анткени сот реформанын жүрүшүндө сот корпусунун 3/2 бөлүгү жаңыланып, жаңыдан дайындалган судьяларга соттук тажрыйбаны үйрөтүү зарылчылыгы пайда болууда. Ошондуктан, сот адилеттигинин жогорку мектеби аркылуу судьялар муктаждыгына жараша тиешелүү окуу курстарын өтүп, квалификациялык деңгээлдерин жогорулатууда.Акыркы мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, мурда судья кызматында иштебеген судьялыкка талапкерлер милдеттүү түрдө Сот адилеттигинин жогорку мектебин окуп, анын жыйынтыгы боюнча квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда гана конкурска катыша алат. 2017-жылы мындай окууну 40 адис ийгиликтүү аяктап, учурда судьялыкка талапкер катары конкурстарга катышууда. Жаңы дайындалган судьяларды окутуу менен гана чектелбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту алардын судьялык тажрыйбасын арттыруу максатында насаатчылык институтун иштеп чыгып, ишке киргизген. Ал эми насаатчылар катары сот системасында кадыр-баркка ээ болгон, судьялык иш стажы 10 жылдан кем эмес, жогорку кесиптик сапаттарга ээ, тажрыйбалуу судьялардын ичинен тандалып алынган. Долбоор үч пилоттук сотто ишке ашырылып алгачкы жолу дайындалган судьяларга 12 насаатчы бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууда ал  өзүнүн эффективдүлүгүн жана зарылчыгынын көрсөтүп, жаңы дайындалган судьялардын сот адилетигин ишке ашыруу сапатын жогорулатууга салымын кошту.

Бактыбек Имамидиев

Булак: «Эркин-Тоо» гезити.  №51 (2909).