Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн,  2018-жылдын 19-июнунда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда тараптар  Кыргыз Республикасындагы жазык  сот өндүрүшү боюнча алдыдагы жетинчи форумду өткөрүүнү талкуулашты.

Жолугушууга  Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов,  Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов жана эл аралык кызматташтык боюнча секторунун башчысы Асель  Кенжетаева катышты. Ал эми ЕККУ тараптан укук  үстөмдүгү боюнча  бөлүмдүн башчысы  Геннадий Барба,  укук үстөмдүгү боюнча бөлүм башчысынын орун басары  Андреа Хюбор жана башкалар катышышты.

“Кыргыз Республикасындагы жазык сот өндүрүшү боюнча жетинчи  форум,  башка өлкөлөрдөгү кесиптештер  жана  чет өлкөлүк юристтер менен бирге  жазык сот адилеттиги боюнча  актуалдуу маселлерди талкуулай турган аянтча болуп калат”, — деп билдирди А.Токбаева. Ошондой эле Төрайым мындай форумду өткөрүүгө кылдат даярдык керек экендигин айтты.  Айнаш Токбаева  форумду өткөрүүгө көмөктөшө тургандыгын билдирип,  иш чаранын   ийгиликтүү өтүшүнө ишеним жасады.

Алдын ала аталган форум 2018-жылдын ноябрь айынын  акыркы жумасына белгиленди.