Бүгүн, 2018-жылдын 29-июнунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда, Юристтер күнүнө карата  Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун жана аппарат кызматкерлерин сыйлоо  аземи болуп өттү.

Иш чарада  сөз сүйлөгөн   А. Токбаева Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен куттуктап, юрист болуу  чоң  сыймык жана  зор жоопкерчилик экендигин айтты.

“Биздин кесипке өзгөчө моралдык, этикалык жана укуктук жоопкерчилик жүктөлгөн.  Кыргызстанда юристтер өз  милдеттерин  абийирдүүлүк  менен аткарып, мекендештерибиздин  кызыкчылыктарын коргойт  жана  Кыргыз мамлекеттүүлүгүн  чыңдоого  татыктуу  салым кошот деп ишенем” — деп белгиледи Төрайым.

Сыйлоо аземинин  жүрүшүндө  көп жылдык эмгеги жана  кызматтык  милдеттерди үлгүлүү  аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Юристтердин күнүн майрамдоого байланыштуу, Сот ардагерлер Кеңешинин төрагасы  Турсун Алымбеков                               “Кыргызстандын  Адилет ээси” медалын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларына тапшырды.

Ошондой эле бүгүнкү иш чаранын алкагында улуттук  медиация борборунан дагы өкүлдөр келишип,  Юристтер  күнүнө карата медиацияны  өнүктүрүүгө  өзгөчө салым кошкон судьяларга жана аппарат кызматкерлерине   Алкыш  баракчаларын  ыйгарышты.