Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол таймашы болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 10 команда  ат салышты.

Алар  Жалал-Абад областтык соту, Сот департаменти, Сузак райондук соту, Базар-Коргон райондук соту, Ноокен райондук соту, Майлуу-Суу шаардык соту, Кара-Кол шаардык соту,  Аксы райондук соту, Токтогул райондук соту, Тогуз-Торо райондук сотунун командалары  болду.

Кызыктуу  жана  татыктуу оюн  көрсөтө  алгандарды Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек Султанканов жана судьясы Нурлан Миркамилов, Сузак райондук сотунун төрайымы Айжан Смадиярова,   Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы Данияр Асылбашев, Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Сулайман Эргешов, Кара-Кол шаардык сотунун төрагасы Памирбек Ыманбековдор куттуктады.

Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  4  командага кубок, диплом жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

Биринчи орунду  жана кубокту Сузак райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Ноокен райондук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунду Сот департаментинин командасы ээлесе, төртүнчү орунга Кара-Кол шаардык сотунун  командасы татыктуу болду.

Мелдеште мыкты оюнчулар аныкталып, кызыктыруучу байгелерге ээ болушту.

Белгилей кетүүчү жагдай,  сот тутумунун кызматкерлери арасындагы  кичи-футбол боюнча  кийинки мелдеш Токтогул районунда өткөрүлмөкчү.

 

                                    Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы

                                                                                                                                                                                                                     Жеңишбек Бекназаров