Бүгүн, 2018-жылдын  3- июлунда, Жогорку  сот жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун  (IDLO)  биргелешкен “Эксперт-кафе” долбоорунун алкагында Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева журналисттердин  суроолоруна жооп  берди.

Анда жалпыга  маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү учурда сот тутумунда  жүрүп  жаткан  реформа, сот адилеттигин  жүзөгө  ашырууда болуп жаткан  аракеттер, коомчулукта  соттордун дарегине айтылган  сын-пикирлер жана башка суроолорго  жооп  алышты.

Жогорку  соттун  Төрайымы  Айнаш  Токбаева сот тутумундагы  реформанын  алкагындагы  жетишкендиктерди айтуу  менен  бул тармакта реформа болуп келген, болуп жатат жана келечекте да болот деген пикирин  билдирди.

Мындан сырткары Төрайым,  2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жарандардын жана юридикалык жактардын сотко кайрылган учурлары кыйла көбөйүп, алар өз укуктарын коргоодо сот органдарын тандап жатышканын  белгилеп, биринчи инстанциядагы соттор чыгарган соттук актылардын 89 пайызы мыйзамдуу күчүндө турат. Демек,  бул көрсөткүч чыгарылган соттук актылар менен тараптар макул экенин айгинелейт жана сотторго болгон ишенимдин көрсөткүчү болуп эсептелинет, деп  кошумчалады. Ошондой эле, бүгүнкү күндө республикадагы биринчи инстанциядагы соттордун жүктөмдөрүнүн нормативде белгиленген көлөмүнөн 3-4 эсеге көп. Айрым соттордо бир айда бир судья 65-70 ишти карайт, — деп билдирди Айнаш Токбаева.

Жыйында белгиленгендей  сот  реформасынын  алкагында бирдей соттук практиканы түзүү максатында Жогорку сот заманбап технологияларды колдонуп, облустук сотторго видео-конференц байланыш системалары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практика боюнча пайда болгон суроолорду жана маселелерди талкуулап, мыйзамды туура колдонуу түшүндүрүлүп жатат. Ал эми сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында sot.kg жана act.sot.kg интернет-сайттары туруктуу түрдө иштеп, act.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Аталган сайтта учурда 88 000 ден ашык соттук актылар жарыяланган.

Мындан сырткары Айнаш Токбаева маалымдагандай, сот корпусунун 3/2 бөлүгү жаңыланып, жаңыдан дайындалган судьяларга соттук тажрыйбаны үйрөтүү зарылчылыгы пайда болду. Ошондуктан, сот адилеттигинин жогорку мектеби аркылуу судьялар муктаждыгына жараша тиешелүү окуу курстарын өтүп, квалификациялык деңгээлдерин жогорулатууда. Акыркы мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, мурда судья кызматында иштебеген судьялыкка талапкерлер милдеттүү түрдө Сот адилеттигинин жогорку мектебин окуп, анын жыйынтыгы боюнча квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда гана конкурска катыша алат. 2017-жылы мындай окууну 40 адис ийгиликтүү аяктаган. Жаңы дайындалган судьяларды окутуу менен гана чектелбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту алардын судьялык тажрыйбасын арттыруу максатында насаатчылык институтун иштеп чыгып, ишке киргизген. Ал эми насаатчылар катары сот системасында кадыр-баркка ээ болгон, судьялык иш стажы 10 жылдан кем эмес, жогорку кесиптик сапаттарга ээ, тажрыйбалуу судьялардын ичинен тандалып алынган. Долбоор үч пилоттук сотто ишке ашырылып алгачкы жолу дайындалган судьяларга 12 насаатчы бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууда ал  өзүнүн эффективдүүлүгүн жана зарылчылыгын көрсөтүп, жаңы дайындалган судьялардын сот адилеттигин ишке ашыруу сапатын жогорулатууга салымын кошту.

 

Иш чарага  эксперт катары  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директорунун кеңешчиси Нурлан Алымбаев катышты.

Жалпысынан 30га  жакын  жалпыга  маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрү катышты.