Бүгүн, 10-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  “Марал”  радиосунун студиясында болуп,  угармандардын суроолоруна жооп берди. Бир саатка созулган таңкы түз эфир учурунда төрайым бир да суроону жоопсуз калтырган жок. Угармандар сот тутумундагы реформа, соттордун жоопкерчилиги, сот өндүрүшдөгү иштердин адилеттүлүгү жана башка көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Ал эми Токбаева дүйшөмбү күдөрү саат 15:00дөн тарта арызданып кайрылган жарандарды кабыл аларын кошумчалады. Ага алдын ала жазылуу зарыл.