2018-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2018-жылдын биринчи жарым жылындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Айбек Молдакунов, төраганын орун басары Гулкайыр Алиева, Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары, судьялары жана Ысык-Көл облусунун сот  департаментинин башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.

Ысык-Көл облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Гулкайыр Алиеванын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусу боюнча 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында  2614 арыз түшкөн, анын ичинен  1987 каралган. Чечим чыгаруу менен каралган 1516 иштин ичинен 1380 арыз толук канааттандырылган. Быйылкы жарым жылдыкта Ысык-Көл облустук сотунда апелляциялык тартипте  115 иш каралган», — деди ал өз сөзүндө.

Ал эми  Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Гулбара Кудабаеванын билдирүүсүнө караганда, 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында биринчи инстанция сотторунда бардыгы 473  жазык иштери каралган.  Анын ичинен 239 жазык иштер боюнча өкүм кабыл алынып, 162 жазык иши кыскартылган. Мындан тышкары 10 жазык иш тергөөнүн кетирген мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн жана 44 жазык иш башка негиздер боюнча прокурорго кайтарылып жиберилген.

Ошондой эле  административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Мира Шамбетова 6 ай ичинде Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунда 147 экономикалык иштер, 89 административдик иштер 54 соттук материалдар каралганын баяндады.

Аталган кеңешмеде Ысык-Көл облусунун сот департамент башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемиров биринчи жарым жылдык ичинде аткарылган иштери жөнүндө маалымат берди.

Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Айбек Молдакунов Ысык-Көл облусунун судьяларын сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырды.

                                             

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы

                                                                                                                    Гульзада Аширбаева