Кечээ, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   китепканасы   Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетине  кайтарымсыз түрдө  200дөн ашык юридикалык адабияттарды тапшырды. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Бул демилгени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева көтөрүп,  өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы юридика   факультеттерине колдоо көрсөтүү иретинде жана  квалификациялуу юриспруденция адистерин даярдоодо  көмөк  көрсөтөт деген ишенимин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияга, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине атайын кат жолдоп, юридикалык адабияттар менен  камсыз кылууга даяр экенин  көрсөткөн.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окутуучулары жана студенттери  Жогорку сотко келип, практикалык негизде  жазылган  адабияттарды алышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Мыйзамдар менен иштөө, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумдун ишин камсыздоо башкармалыгынын  башчысы  Маргарита Сапиянова бул китептер  юридика факультетинин студенттери үчүн жакшы окуу куралы болуп, укук нормаларын  практикада колдонууга көмөктөшөөрүн  белгиледи.

Ал эми аталган окуу жайдын окутуучусу Перизат Исраилова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна юридика жаатындагы адабияттарды  кайтарымсыз түрдө берип жаткандыгына ыраазычылык билдирип, юристтерди даярдап чыгарып жаткан  Эл аралык башкаруу кафедрасына чоң белек болгонун айтты.  Бул адабияттар  студенттердин юриспруденция багытындагы билимдерин тереңдетүүгө, сапаттуу юридикалык билимди алууга жардам берет деп кошумчалады.

kyrgyztoday.org