Бүгүн,   2018-жылдын  1-августунда,  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Жарлыгы менен  судьялык  кызматка дайындалган  судьялар салтанаттуу ант беришти.

Жарлыкка ылайык Бишкек шаардык сотуна Болотбек Сатыбалдиев жана  Бишкек шаарынын  Биринчи май райондук сотуна  Зарема Бейшеева  судьянын  ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  жөнөтүлдү.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  Мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  Төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Джамашева  судьяларга ийгилик каалап, дайыма мыйзамга таянып адилеттүү чечимдерди кабыл алууга тилектештигин билдирип куттуктады.