Сот тутуму оор жоготууга учурады. 60 жаш курагында узакка созулган  ооруудан Жалал-Абад  областык  сотунун  төрагасы  Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович  дүйнө салды.

Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович 1958-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылында  төрөлгөн. Билими жогорку. 1993-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин  аяктаган. 1980-1982-жылдар аралыгында СССРдин куралдуу күчтөрүнүн  катарында аскердик  кызмат  өтөгөн. 1982-1993-жылдары  Жалал-Абад шаарынын элдик сотунда сот аткаруучу болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгында сот тармагынын  ишмердүүлүгүн  камсыздоо бөлүмүн  жетектеген.  Ал  эми, 1994-жылдын  апрель айында Ала-Бука райондук  сотунун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан  шайланган.  1996-жылдын  декабрында Жалал-Абад  облусттук  сот  департаментин  башкарган. 1999-жылдан тартып  Баткен облусунун Кадамжай райондук, Талас  областтык жана  Жалал-Абад  областынын  Ноокен райондук сотунда  судьялык  милдетин аткарган. 2013-жылы Жалал-Абад  областтык  сотунун төрагасынын  орун  басары кызматын  аркалап, 2015-жылы Жалал-Абад областтык  сотунун  төрагасы болуп  шайланып өмүрүнүн акырына   чейин  иштеп келген.

Сот адилеттигин   аткаруудагы  өзгөчө эмгектери  жогору бааланып,  мамлекеттик жана  ведомстволук сыйлыктар ыйгарылган.  2017-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алкыш  баракчасына, 2004-жылы Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасына, 2016-жылы  Кыргыз Өкмөтүнүн  Ардак  грамотасына, 2015-жылы КРнын УКМКнын Ардак грамотасына, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Профсоюздар  уюмунун  Ардак грамотасына татыган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана ардагерлер кеңеши, Камбаров Шаршенбек Кашкарлыковичтин  дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана орду толгус жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.

Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович  кесиптештеринин эсинде сот тутумуна  зор салымын кошкон ак ниет судья катары калат.