Нарын облусундагы  жергиликтүү соттордун    2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн  иштеринин   жыйынтыгына арналган кенешме бүгүн 6-августа Нарын облустук сотунда  өткөрүлдү.

Кеңешменин ишине  областтык соттун судьялары, райондор аралык, шаардык жана  райондук   соттордун  төрагалары, жана судьялары  чакырылган.   Кеңешмени Нарын областтык сотунун төрагасы     Алдаярбек  Абдыбеков ачып, жарым жыл ичиндеги аткарылган иштердин жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу жалпы маалымат берди. Келтирилген цифралардан улам белгилүү болгондой   Нарын райондор аралык сотунда  каралган иштеринин  облустук сотто жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда күчүндө калганы 85-100 пайызды түзгөн.

Жарым жыл аралыгындагы  аткарылган иштерди талкуулоонун   жүрүшүндө, иштин сапатын мындан дагы жакшыртуу,   орун алган    кемчиликтерди кайталабоо  боюнча  да сунуш-пикирлер ортого салынды. Же болбосо тигил же бул жагдайдагы маселелерде   мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаруудагы тажырыйбалар бөлүшүлдү.

Кенешменин сонундагы  корутунду сөзүндө облустук соттун    төрагасы   А.Абдыбеков күн тартибинде турган өзөктүү маселелер менен бирге эле иштерди кароонун сапатын жакшыртуу, стат-отчет боюнча так маалыматтарды берүү, өзгөчө оор кылмыштарды анын ичинде  кызматтык кылмыштар, жаш балдарга карата жасалган кылмыштар   жана наркотикалык заттар  боюнча кылмыштарга өзгөчө көңүл бөлүп, тийиштүү жаза чектөө жагы эскертилди.

Мындан  сырткары   облустагы  жергиликтүү сотторду      материалдык –техникалык жактан камсыздоонун чаралары  боюнча  бул күнү  кенешмеге катышкан Нарын облустук     сот департаментинин  башкармасынын жетекчиси Рысбек Болотбековдун  маалыматы угулуп,     Ак-Талаа, Жумгал райондорундагы курулуш жумуштары жана башка иштер боюнча   аталган  департаменттин  дарегине   сын- пикирлер айтылуу  менен келип чыккан маселелерден тийиштүү  жыйынтык чыгаруу жагы тапшырылды.

                      Б.Белеков

                 Нарын облустук сотунун

                  басма-сөз катчысы