69 жаш курагында бүтүндөй өмүрүн сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга арнаган отставкадагы  кадырлуу судья Жамал  Жусупова каза болду. Ал Нарын  облусунун Жумгал районуна караштуу  Чаек  айлында 1949-жылы 26-август айында төрөлүп, өмүрүнүн 35 жылга жакынын судьялык кызматка арнаган.

Жамал Жусупова ишмердүүлүгүн Чүй облусунун Кант райондук сотунан 1980-жылы баштап, 1987-1990-жылдары төрайым болгон. Ал эми 1990-1996-жылга чейин Чүй облусунун  Чүй райондук сотунун судьясы, 1996—1999-жылы Бишкек  шаарынын Биринчи  Май райондук сотунун судьясы, 1999-2014-жылдары Бишкек шаардык сотунун  судьясы болуп  ардактуу эс алууга чыккан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана ардагерлер кеңеши Жусупова Жамал Жусуповнанын  туугандарына жана жакындарына оор жоготуусун тең бөлүшүп, терең  кайгыруу менен көңүл айтат.