Бүгүн, 2018-жылдын 7-август күнү  Бишкек  шаарында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  Төрайымы Айнаш Токбаева, Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат Узакбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  Төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыев, Евро биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун  негизги эксперти Кристоф Копецки жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директорунун кеңешчиси  Нурлан Дүйшеев катышуусунда  кезектеги  ExpertCafe болуп өттү. Негизги тема катары “Электрондук сот өндүрүшү”каралды.

Сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бир катар иштер алынып барылууда. Калкты сот ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен камсыз кылуу максатында sot.kg жана act.sot.kg интернет-сайттары туруктуу түрдө иштеп, act.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Аталган сайтта учурда 100 000дин тегерегинде соттук актылар жарыяланган. Бул соттук актылардын абдан чоң базасы жана аны менен судьялар, адвокаттар жана юристтер гана эмес, ар бир кызыккан тараптар жана жарандардын таанышууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул да болсо,  соттордун ар бир соттук актыны чыгарууда болгон жоопкерчилигин жогорулатат.

Мындан тышкары, сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү максатында соттун имараттарында жана соттук процессти өткөрүү залдарында үн менен видео жазуу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы убакытта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан соттук процессти өткөрүү залдарында жүргүзүлгөн үн менен видео жазууларды ишке катышкан тараптардын арыздарынын негизинде берүү жагын камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чаралар пландаштырылууда. Өз учурунда бул сот отурумдарынын ачык-айкындуулугун арттырат жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатып, кынтыксыз жүрүм-турумга, судьялык этиканы сактоого өбөлгө түзөт.

Ал эми Бишкек шаардык сотунда пилоттук түрдө аудио-видео протокол жазуу системасы ишке ашыруу стадиясында, мында тийиштүү жабдуулар алынып, орнотулуп жатат, жакынкы аралыкта бул система ишке киргизилет.

Сот системасынын дагы бир приоритеттүү багыттарынын бири катары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп жатат. Азыркы күндө үч пилоттук сотто автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө жана жакын арада  бул система Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалууда. Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы толугу менен киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзүп,бюрократиялык көрүнөштөрдү жоюп, сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп,  арыз берүүчүлөр менен сот системасында иштегендердин ортосундагы байланышты төмөндөтүп, жыйынтыгында соттордун, сот аткаруучулардын  ишин оптималдаштырат.

Белгилей кетсек,  жолугушууга  20дан  ашык  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып  кызыктырган  суроолоруна  жооп  ала алышты.