2018-жылдын 25-августунда, Токтогул  районунда Жалал-Абад областынын жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол таймашы болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 7 команда  ат салышты.

Алар Жалал-Абад областтык соту,  Сузак райондук соту, Базар-Коргон райондук соту, Ноокен райондук соту, Майлуу-Суу шаардык соту, Кара-Көл  шаардык соту, Токтогул райондук сотунун командалары  болду.

Кызыктуу  жана  татыктуу оюн  көрсөтө  алгандарды Токтогул райондук сотунун төрайымы Гульмира Бапанова, Ноокен райондук сотунун төрагасы Данияр Осконов, Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Жыпар Каримова жана Марклен Нармырзаев, Кара-Кол шаардык сотунун төрагасы Памирбек Ыманбековдор куттукташты.

Өз сөздөрүндө фубол оюну кызматкерлердин ортосундагы биримдикти, ынтымакты бекемдей тургандыгын билдиришип, сот тутумунун  кызматкерлери  иште эле эмес, оюнда да өздөрүнүн тактыгын  көрсөтүшкөндүгүн айтып, оюнчуларга үй-бүлөлүк бакыт, иштерине жана алдыларына койгон максаттарына жетишине ийгилик каалашты.

Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  3  командага кубок, диплом жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

Биринчи орунду  жана кубокту Токтогул райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Кара-Көл шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга  Базар-Коргон райондук  сотунун  командасы татыктуу болду.

 

 

                      Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов