Бүгүн,  2018-жылдын 30-августунда, сот тутумунун ишмердүүлүгүн чагылыдыруу  боюнча  жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында жарыяланган   сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо  аземи болуп өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO) директору         Фред Хьюстон катышты.

Сынак материалдар  2017-жылдын  октябрь айынан башталып 2018-жылдын 20-августуна  чейин кабыл алынып, жалпы жыйырмадан  ашык  эмгек  келип түштү.

Жобого  ылайык, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгүн мыкты чагылдыргандыгы үчүн  «Эң мыкты басылма материал»  номинациясынын жеңүүчүсү болуп, “Ачык сөз” гезитинин башкы редактору  Жора Сулаймановдун  макаласы табылды.

Ал эми «Эң мыкты радио материал»  номинациясын Марал радиосу жеңсе, «Эң мыкты  ТВ материал»  номинациясынын жеңүүчүсү болуп Ысык-Көлдөгү Антен  ТВ каналынын журналисти Алена Хоменко аныкталды. Ошондой эле  «Эң мыкты интернет басылма» номинациясынын жеңүүчүсү “azattyk.org ” интеренет сайтынын журналисти Кубанычбек Жолдошов болду.

Жеңүүчүлөргө Төрайым Айнаш Токбаева дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырып, журналисттерге ары ардактуу, ары жооптуу кызматтарда  жалаң гана ийгиликтер коштоп, калемдери мындан ары дагы курчуй беришин каалады.

 Өз кезегинде Фред Хьюстон сынактын максаты ЖМКнын  сот тутумунун  ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана объективдүү чагылдыруусу  болуп саналаарын айтып, сынак  сот реформасын жүргүзүүдө жана  сот адилеттигине жетишүүдөгү   көйгөйлөргө  коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталгандыгын белгиледи.

Ошондой эле  иш чаранын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда аккредиттөөдөн өткөн  журналисттерге  салтанаттуу  түрдө  күбөлүктөр тапшырылды.

  Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн 40га жакын   журналист арызын жазышкан.