Бүгүн, 2018-жылдын  30-августунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Жогорку соттун судьялары жана аппарат кызматкерлерине  ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

Салтанаттуу жыйынды ачып жатып Айнаш Токбаева  эгемендүүлүктүн 27  жылдыгы  менен  куттуктады.

Иш чаранын жүрүшүндө   Төрайым кызматтык милдеттерин үлгүлүү, так аткаргандыгы жана кесиптик деңгээлин көрсөткөндүгү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнүн урматына Жогорку соттун  жана  жергиликтүү  соттордун  судьялары,  ошондой  эле бир катар  аппарат кызматкерлери  ведомстволук  сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан тышкары  Төрайым  “Кыргызстан  Юристери” Ассоциациясы  коомдук  бирикмеси менен кызматташтык дайым болуп келгендигин айтып,  аларга Алкыш баракчасын тапшырды.

Ошондой эле Юстиция министрлигинин  ведомстволук  төш  белгиси  аппарат кызматкерлерине берилди.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун профсоюзунун төрагасы  Болотбек Акматов дагы Жогорку соттун  бир катар аппарат кызматкерлерине сыйлыктарды ыйгарды.

Өз кезегинде   “Кыргызстан  Юристери” Ассоциациясы  коомдук  бирикмесинин башкармалыгынын  башчысы Жеңишбек  Арзыматов сот тутумунун бардык кызматкерлерин майрам алды мнен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаевага  Ардак  грамота тапшырды