Бүгүн, 2018-жылдын 7-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясын коргоо бөлүмүнүн регионалдык координаторунун орун басары Валерий Ярмак  менен  аталган  миссиясынын Кыргызстандагы эркиндигинен ажыратуу жайларындагы коргоо бөлүмүнүн  ишмердүүлүгү  боюнча  өкүл  Левон Николянды кабыл алды.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыков,   Бишкек шаардык сотунун судьясы  Жаңыл Мамбеталы, Жогорку соттун Мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы  Расия Эралиева  катышышты.

Валерий Ярмак  аталган миссиянын Кыргызстандагы  иши туурасында айтып берип, Ички иштер министрлиги,  Жаза аткаруу кызматы жана прокуратура  менен биргеликте  ишке ашырылып  жаткан пилоттук долбоор туурасында токтолду. Тагыраак айтканда,   соттордо, тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда скайптарды орноштуруу маселеси каралды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева электрондук сот өндүрүшү системасы  киргизилип,  соттук отурумдарда  аудио жана видео жазуулар жүргүзүлүп, ошондой эле  Бишкек шаардык сотунда аудио-видео протокол жазуу системасы ишке ашырылып жаткандыгын айтты.

Тараптар  эки тараптуу кызматташтыкты бекемдей тургандыктарын айтышып, каралган маселелердин актуалдуулугун белгилешти. Жолугушуунун соңунда  тараптар  Кызыл Крест  миссиясы  көтөргөн маселелер боюнча жумушчу топ түзүп, ага координатор катары Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыков  дайындалды.