Бүгүн, 10-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында жарандык иштер боюнча соттук чечимдерди даярдоодо негизги каталарды талдоо боюнча блокту кошуу менен, жарандык, администрациялык, экономикалык иштер боюнча соттук чечимдерди түзүү методикасы боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө.

Улуттук тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары — Базаралиева Анархан Мамбетовна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы — Калиева Гульбарчын Утюровналар чыгышат. Эл аралык тренер катары “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы — Томас Херманн чыкты.

Бардык чечимдерди түзүүдө чечимдин түзүмүнө жана мазмунуна жалпы талаптар бекитилген,  процесстик ченемдер колдонулат. Бирок, процесстик мыйзамдын талаптарын гана алганда, бир эле категориядагы же фактылай жагдайлары окшош иштер боюнча ар кайсыл судьянын чечимдери  ар кандай болуп жаткандыгын түшүндүрүү мүмкүн эмес. 

 Соттук чечимдин мазмундуу бөлүгүн жазууда бирдиктүү ыкмаларды түзүү үчүн  соттук чечимди түзүү методикасы формасында сунуштамалар зарыл, ал соттук актыда фактылардын жана укук ченемдердин бириктирүү процессинде формалдык талаптарды конкреттүү жандуу мазмун менен толуктоого мүмкүнчүлүк берет. 

Семинар Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын судьялары тарабынан 2012-жылы иштелип чыккан, жарандык иштер боюнча судьянын кол китеби боюнча өткөрүлө тургандыгын белгилейбиз.

Ушундай эле семинарды 2018-жылдын 26-27-сентябрларында Ош шаарында  өткөрүү пландалууда.

Иш-чара 2018-жылдын Окуу планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулду.