Бүгүн  Нарын шаарында “Кыргызтесттин” көчмө тобу  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү дегээлин аныктоо багытында  өз ишин баштады. Алгачкылардан болуп мамлекетти тилди билүү мүмкүнчүлүктөрүн  Нарын облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери  менен   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн   аппарат кыз маткерлери сынап көрүштү.

Сынакка катышкан 50дөн ашык мамлекеттик кызматкерлер өздөрү тандап алган  ар кандай денгээлдеги  5 субтесттен турган «Лексика. Грамматика», «Угуу», «Окуу», «Жазуу» жана «Сүйлөө» сыяктуу субтесстер  боюнча берилген тапшырмаларды аткарышты.

Акыркы эки күндүн аралыгында Нарын шаарындагы башка мамлекеттик кызматкерлер менен бирге эле Нарын шаардык жана Нарын райондук сотторунун кызматкерлери да  мамлекеттик  тилден  сыноодон өтүшөт.

Эскерте кетсек: «Кыргызтест» — мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун системасы, ал тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласына негизделген. Учурдагы мамлекеттик тилди билүү дегээлин аныктоо, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди  өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук  программасынын алкагында  турмушка  ашырылып жаткан.

      Б.Белеков

        Нарын облустук сотунун

         басма  сөз катчысы