Бүгүн, 2018-жылдын 14- сентябрында,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунда Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган “ Эне тилибиз, табылгыс байлыгыбыз” аттуу сынак болуп өттү. Иш чарада Жогорку соттун алты башкармалыгы  бири-бири менен  күч сынашты.

Сынактын шарты боюнча  командалар  көркөм окуу, жаңылмач, макал-лакап айтышуу, суроо-жооп  жана кыргыздын каада-салттарын көрсөтүп беришти.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева мындай сынак Жогорку соттун тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Сот тутумунда уюштурулуп  жаткан  кыргыз тили боюнча сынак, аппарат кызматкерлеринин арасында  ынтымакты, достукту  жана биримдикти бекемдей тургандыгын ырастады”, — деп  кошумчалады Төрайым.

Берилген тапшырмаларды мыкты аткарган командалар аныкталып,  дипломдор жана байгелүү сыйлыктар тапшырылды.

Кошумчалай  кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.