2018-жылдын 21-сентябрында Каракол шаарында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча мелдеш Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында өттү.

Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгы тарабынан уюштурулган спорттук иш чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлөт.

Жалпысынан таймашта областтык соттун, райондук жана шаардык соттордун жана Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн 7 команда ат салышты.

Бул иш чаранын башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо болуп  саналат.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Ак-Суу райондук жана Балыкчы шаардык сотторунунун курама командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Ысык-Көл райондук сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Кийинки таймашты өткөрүү эстафетасы Балыкчы шаардык сотуна берилди.

      Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы,

                                                                                                                     Гульзада Аширбаева