Бүгүн, 2018-жылдын 24-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттор менен видео-конференц байланыш өткөрдү.

Видео-конференц байланышка   Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча  Төрайымдын орун басары Каныбек Бокоев,  Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча Төрайымдын орун басары Айнаш Токбаева жана Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча Төрайымдын орун басары Нургуль  Асановалар катышышты.

Жыйындын  башында Төрайым  жаңы  шайланган  орун  басарлары  менен  тааныштырып,  мындан кийинки  иштөө  тартиби  жана  талаптар  боюнча  ой  бөлүштү.

Өз  сөзүндө  Гульбара Калиева видео-конференц байланыштын катышуучуларын иштин сапатын жакшыртууга чакырды. Төрайым республиканын   райондук жана облустук сотторунун ишмердүүлүгүндөгү айрым бир  кемчиликтерге токтолду: ишти өз убагында карабагандыгы үчүн жарандардан түшүп жаткан арыздар,  сот актыларынын түзүлүшү, сот адилеттигине жетишүүдө  айрым судьялардын негизсиз баш тартышы, ошондой эле башка маселелер.

Мындан тышкары Гульбара Калиева  жаңы кодекстер ишке киргизилип жаткандыгына байланыштуу,  бардык инстанциялардагы судьяларды окутуу маанилүү экендигин белгиледи.

“Судьялардын башкы  милдети, өз ишибизди ак ниеттүүлүк менен  жасап, аткаруу жана эмгек   тартибин   сактап,  калктын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.  Бул биздин жалпы ишибиз”, — деди  Г. Калиева.

Иш чаранын соңунда Төрайым Гульбара Калиева  келечекте видео-конференц байланыш системалуу   өткөрүлүп,  судьяларды бирдиктүү сот практикасын  сактоого чакырды.