2018-жылдын  25-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара  Утюровна  Калиева  Жогорку соттун  судьялары менен кеңешме өткөрдү.

         Төрайым  соттордун ишинде болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, судьялар менен аппарат кызматкерлерине карата  көптөгөн арыздар түшүп жаткандыгын айтып, жарандардын  сотторго  болгон ишенбөөчүлүгүнө токтолду.  Гульбара Калиева  судьяларды   Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, судьялардын  абийир Кодексин сактоого басым жасап, судьялардын  кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтире турган жагдайлардан алыс болууну суранды.

         Ошондой эле судьяларды  сот реформасынын алкагында  2019-жылдын  1-январынан  баштап  күчүнө кире турган жазык, жазык- процесстик кодекс, жазык-аткаруу кодекси, жоруктар жөнүндө кодекс жана  башка мыйзамдарга даяр болууга чакырды.  Төрайым  судьялардын абийир кодексине ылайык,  фемида өкүлдөрүнүн  өзүнө кесиптик  билимдерин  жана тажрыйбаларын жогорулатуу жүктөлгөндүгүн билдирди.

         Төрайым  Жогорку соттун судьяларын компетенттүү, аракетчил болууга, ошондой эле  тартипти сактоону талап кылды. Эгер,  судьялар алардын макамына ылайык  талаптарды аткарбаса,  тийиштүү  чечимдер  кабыл алынаарын эскертти.