Бүгүн, 2018-жылдын 28-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара  Калиева  менен Эл аралык   Penal Reform International уюмунун  (Эл аралык абак реформасы) Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык директору Азамат Шамбиловдун жолугушуусу болду.

Жолугушууга  Жогорку соттун судьясы Аскат Садыков жана PRI  уюмунун өкүлдөрү катышышты.  Тараптар буга чейин кол коюулган кызматташуу   Меморандуму  боюнча  сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруунун пландарын талкуулашты.

Ошондой  эле,  PRI  уюмунун директору А. Шамбилов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиеваны  жогорку кызматка дайындалышы менен  куттуктап,  аталган уюмдун атынан Жогорку сотко  конструктивдүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Жогорку соттун Төрайымы Гульбара Калиева  өз сөзүндө PRI  уюмунун тажрыйбасы жана  алардын эксперттик, техникалык колдоо көрсөтүүсү  сот тутуму үчүн баалуу экендигин айтты. Анткени, 2019-жылдын 1 –январынан  тартып  Жазык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс,  Жазык-процесстик кодекси, Жазык- аткаруу кодекси ишке киргени жаткандыгын эскертти.

Тараптар ювеналдык юстиция,  жашы жете электерди кармоочу жайлардын  абалы, жашы жете электер  боюнча иштеген  судьялар менен аппарат кызматкерлерин окутуу жана башка маселелер боюнча талкуу жүргүзүштү.

Судья Аскат Садыков  белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча  жумушчу топтун  координатору болуп дайындалды.  Ал эми жолугушуунун соңунда  тараптар өз ара байланыштардагы  пландарды ийгиликтүү  ишке ашырууга бардык аракеттер жасалаарын белгилешти.

Эске сала кетсек, PRI көп жылдык тарыхы бар, БУУда жана Европа Кеңешинде  консультативдик   макамы бар  уюм болуп саналат.