Бүгүн, 2018-жылдын  28-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын    жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO)  директорунун кеңешчиси Нурлан Дуйшеев  менен жолугушту.

Жолугушууга  Программанын жетекчиси Стефанос Кареклас, Кыргыз Республикасындагы  Европа Биримдиги өкүлчүлүгүнүн долбоорлордун менеджери Никола Скарамуццо, Программанын жетекчисинин  орун басары- негизги эксперт  Виктор Кесслер, Программанын негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон, Программанын негизги эксперти Кристоф Копецки жана Программанын эксперти Гульнура Толеевалар катышышты.

Анда тараптар  өлкөнүн сот тутумунун өнүгүшү  үчүн  бир катар актуалдуу  багыттарды камтыган мындан аркы кызматташтык  боюнча   талкуулашты. Мындан сырткары электрондук сот өндүрүшү, судьялардын квалификациясын көтөрүү жана сотторду башкаруу багытында пикир алышты.

Программанын жетекчиси Стефанос Кареклас  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиеваны  конструктивдүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, активдүү баарлашууга ишеним жасады.