2018-жылдын 1-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы  Гульбара Калиева, Төрайымдын орун басарлары Каныбек Бокоев менен Нургуль Асанова  ардагерлерди тосуп алышып, бул  майрамга карата жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Салт болуп калгандай, иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда иштеп, пенсияга чыккан 30га жакын ардагерлери чакырылып, аларга сый тамак уюштурулду.

Жогорку соттун Төрайымы Гульбара Калиева  ардагерлердин сот тутумуна кошкон салымын айтып, кийинки жаштарга үлгү болоорлук эмгектерин белгиледи.

Сиздердин сот системасынын өнүгүшүнө кошкон зор салмыңыздар эч качан унутулбайт.   Жогорку соттун төрүндө дайым сый-урматка ээ болуп, кадырлуу карылыкта өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин”, — деп билдирди Төрайым.

Өз учурунда, ардагерлер, улууларга көрсөтүлгөн сый-урматка тереӊ ыраазычылыгын билдиришип, азыркы сот тутумунда эмгектенип жаткан кесиптештерине эл үчүн акыйкат кызмат кылууларын каалап кетишти.