2018-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстонду  жана аталган  уюмдун кеңешчилерин кабыл алды.

Жолугушууга  Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Нургуль Асанова жана   Судьялар кеңешинин төрагасы  Абылай  Мухамеджанов катышты.

Ал эми Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунан (IDLO)  директордун  сот реформасы боюнча кеңешчилери  Дастанбай Айжигитов,  Карыбек Дуйшеев, Нурлан Алымбаев, Электрондук сот өндүрүшү боюнча  кеңешчиси  Нурлан  Дуйшеев, сот реформасы боюнча  улук кеңешчи Дильбара Маскимбекова жана Коммуникация боюнча кеңешчи Мирсулжан Намазалиев катышышты.

Жолугушууда Төрайым Гульбара Калиева  ишти автоматтык бөлүштүрүү системасынын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул системанын милдети болгон коррупциялык тобокелдикти жоюу экендигин эске салды. Мындан тышкары экинчи Мамлекеттик максаттуу  программага IDLO тарабынан кандай сунуштар киргизилгендигин сурап, аталган уюмдун Кыргыз Республикасынын судьялар  кеңеши, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жана Сотторду тандоо кеңеши менен болгон өз ара байланышына кызыкты.

Мындан тышкары  жолугушуу учурунда Төрайым Гульбара Калиева  судьяларды окутуу боюнча IDLO  уюмунун ишмердүүлүгүнө  токтолуп,   Жазык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс,  Жазык-процесстик кодекси, Жазык- аткаруу кодекси, ошондой эле                “ Пробация жөнүндө” мыйзам  ишке киргени жаткандыгына байланыштуу  судьяларды окутуунун актуалдуулугун белгиледи. Төрайым судьяларга жогоруда аталган новеллаларды китеп түрүндө камсыз кылып берүүнү сунуштады.

Ал эми Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон  Гульбара Калиеваны жогорку  кызматка келиши менен куттуктап, мындан ары конструктивдүү кызматташтыкка ишеним жасады.