Бүгүн, 2018-жылдын 5-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева  “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин өлкөдөгү  адамдарды сатууга байланышкан кылмыштар боюнча  соттук практиканы  иликтөө туурасындагы  отчетунун бет ачаарына катышты.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары,  аталган бирикменин  Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын судьялары, ошондой эле  Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун  жана  Борбор  Азиядагы  (UNODC) жазык иштери боюнча сот адилеттиги программасынын  өкүлдөрү катышышты.

Адамдарды сатууга байланышкан  кылмыштар боюнча  соттук практиканы изилдөө “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин долбоорунун алкагында, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын “Кылмыш-жаза сот адилеттиги, укук бузуулардын алдын алуу жана коррупция”  программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн алкагында 2014-2017-жылдардагы 254 кылмыш иштеринин материалдары  анализделинип, анын жыйынтыгы менен соттордун  укук  ченемерди туура  жана  бирдиктүү колдонуу үчүн сунуштар  камтылган  аналитикалык отчет даярдалган.

Жогорку соттун судьялары   изилдөөнүн жыйынтыктарына оң баасын беришип,  жүргүзүлгөн анализ жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча иштеген судьяларга жардамы тийерин белгилешти.  Иш чаранын уюштуруучулары белгилегендей,  изилдөөнүн жыйынтыктарын Жогорку соттун судьялары  менен талкуулагандан соң,   өлкөнүн жергиликтүү соттору,  кызыктар болгон мамлекеттик  органдар жана  өкмөттүк эмес уюмдар менен талкууларды улантуу пландаштырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай,  2017-жылы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому менен  2017-2020-жылдарга эсептелген  Кыргыз Республикасындагы  адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча  Өкмөттүн программасы бекитилген.  Бул программаны ишке ашыруу боюнча  иш чаралардын   планынын кээ бир пунктары  жооптуу аткаруучу катары  Жогорку сотко жүктөлгөн.  Аталган программаны ишке ашыруу  жана көмөктөшүү максатында “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси адамдарды сатууга байланышкан  кылмыштарды жалпылоо үчүн  соттук практиканы  иликтеп  чыгышкан.