Сот кызматкерлеринин  арасында  кичи футбол боюнча турнир Кыргыз Республикасынын президентинин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүүнүн  жылы ” деп жарыялаган  жарлыгынын алкагында уюштурулду. Тоолуу региондогу сот тармагында иштеп жатышкан  кызматкерлердин арасында   достукту, ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоого үндөө менен  алардын спортко болгон кызыгууларын арттыруу максатын аркалаган бул мелдешке, жалпысынан   8 команда ат салышты. Нарын облустук сотунун төрагасы Алдаярбек Абдыбеков мелдешти ачууга арналган анын расмий бөлүгүндө  куттуктоо сөзүн айтып,   командаларга ийгиликтерди каалады.

Сот кызматкерлери менен кошо эле райондук, шаардык соттордун судьялары мелдештин жүрүшүндө өз чеберчиликтерин көргөзүп, айрымдары мелдештин жобосуна ылайык белгиленген  номинациялардын жеңүүчүлөрү аталышты.

Өткөрүлүп жаткан  турнирдин соңунда чейрек финалга Ак-Талаа райондук соту,   Нарын шаардык соту, облустук сот департаменти менен Нарын райондук жана  райондор аралык сотторунун кошмо командалары чыгышты. Ал эми финалдык оюн Ак-Талаа району менен облустук сот департаментинин футболчулары арасында өтүп, Ак-Талаа райондук сотунун футболчулары 7-3 эсебинде утуп алышып, кубокту  жеңип алышты.

Ал эми үчүнчү орунга  Нарын шаардык соту менен Нарын райондук жана райондор аралык сотторунун кошмо командалары бет келишип, 8-5 эсебинде Нарын шаардык сотунун командасы байгелүү орунду камсыздай алышты. Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу” , “мыкты чабуулчу” сыяктуу  номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.

Нарын облусунун сот кызматкерлеринин арасында уюштурулган    бул турнир   мындан ары   ар бир квартал сайын   улантылмакчы.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы сот кызматкерлеринин арасында биринчи жолу уюштурулуп жаткан  мелдештин демилгечиси  Ак-Талаа райондук соту  болду.

   

         Б.Белеков.

        Нарын облустук сотунун

          басма сөз катчысы