Бүгүн, 2018-жылдын  9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева “Республикалык медиаторлор жамааты”  жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда Төрайым Гульбара Калиева  жогоруда аталган бирикмелердин бүгүнкү күндө жасап жаткан иштерине кызыгып, медиаторлордун  жер-жерлердеги ишмердүүлүгүнө кызыкты.

“Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмеси башкармалыгынын  төрайымы  Гүлсина  Кожоярова учурда республиканын бардык областарында медиаторлор иштеп жаткандыгын айтып,  Баткен облусунда жакшы көрсөткүчтөр болуп жаткандыгын билдирди. Буга аймактарда болуп өткөн окутуулардын  таасири салым болгонун Гүлсина Кожоярова  кошумчалады. Ушул жылы 150 судьяны окутуу планга киргизилсе, бүгүнкү күндө  75 судья гана окуулардан өттү.

Мындан  сырткары жолугушууда  сот имараттарында  маалымат бурчтарын  түзүү  сунушу айтылды. Буга  жооп катары Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  Төрайым Гульбара  Калиева орун бөлүп  берүү жагын чечип берерин айтты. Бирок, бардык  зарыл  болгон  маалымдоо материалдарын даярдоо жагын  “Республикалык медиаторлор жамааты”  жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмелери  өзүнө алышы керек.

Жолугушууда   Гүлсина  Кожоярова  ушул жылдын декабрь айында пландалып  жаткан медиация боюнча  кеңири масштабдагы конференцияга  болгон  даярдыктар менен  бөлүштү. Анткени, иш чара  жаңыдан  медиаторлук  менен  иштеп баштаган жана  алардын  кызматынан  пайдаланып  жаткан  тараптар  үчүн  кызыктуу.

Жогорку соттун Төрайымы Гульбара Калиева  аталган конференцияга Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары катыша тургандыгын билдирип,  чет өлкөлүк медиаторлордун тажрыйбасы, Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүүгө  өзүнүн  пайдасын  алып келет деген ишенимин билдирди.