Бүгүн,  2018-жылдын 17-октябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  өлкөнүн жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн  “Кыргыз Республикасынын  жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары” аталышындагы  үч күндүк семинар өз ишин баштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева  өз сөзүндө  уюштурулуп жаткан семинардын  актуалдуулугу жана маанилүүлүгүнө токтолду. Төрайым 2019-жылдын 1-январынан тарта  жаңы түшүнүктөр жана институттур кирип жаткандыгын айтып, анын бири  тергөөчү судья кирип жаткандыгын белгиледи. Мындан сырткары судьялар жаңы новеллалардын ишке киришине даяр болушу  керек жана  жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн камсыз кылышы керек.

Төрайым семинардын жүрүшүндө судьялар  5 кодексти жана 3 мыйзамды терең өздөштүрүп, семинар  суроо-жооп форматында өтүшү керек экендигин белгиледи.

Анткени, талап күчтүү болот жана судьялар  өздөрүнүн   кесипкөйлүүлүгүн жана компетенттүүлүгүн көрсөтүшү керек”, — деп билдирди Г. Калиева.

Мындан тышкары  семинарда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  алдындагы  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Раушанай Тургунбаева жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон чыгып сүйлөштү.

Семинардын программасы боюнча  лекциялар менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары  Жаңыл Мамбеталы, Кеңешбек Токтомамбетов, Аскат Сыдыков, ошондой эле  Бишкек шаардык сотунун  төрайымы  Ирина Воронцова, Октябрь райондук сотунун  судьясы Кайсын Абакиров  жана  отставкадагы судья   Расия  Эралиева, Дастанбай Айжигитов чыгышат.

Өлкөнүн жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн  кылмыш-жаза мыйзамдарынын  реформалоонунун  концептуалдык негиздери, новеллалар жөнүндө, мажбурлоо чаралары жана жазык-укуктардын  таасиринин  өзгөчөлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси боюнча жаза берүүнүн жаңы системасы тууралуу маалымат бериле.

Белгилей кетүүчү жагдай, новеллалар боюнча 8 семинар өткөрүү пландаштырылган.