Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Нурила Каипова жана судьясы Бакытбек  Мажитов Жалал-Абад областтык прокуратурасынын конференц залында Жалал-Абад областынын райондорунун, шаарларынын прокурорлору жана кызматкерлери менен жолугушту.

Иш-чаранын алкагында, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргоо максатында доо арыздар менен кайрылуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндөгү административдик иштердин кароонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Фемида өкүлдөрү кеңири айтып беришти.

Мындан  сырткары, бүгүнкү  күнү актуалдуу болуп эсептелинип, административдик талаш-тартыштар боюнча прокуратуранын өкүлдөрү суроолорду беришип, аларга кеӊири жоопторун алышты.