Нарын шаардык сотунун судьясы  Назира Сейдакмат кызы  облустук телекомпаниянын “Актуалдуу маек” көрсөтүүсүнө катышты. Анда,  “Укукту жана бизнести  өнүктүрүү фондунун”  Нарын облусундагы медиатору Турат Ташмамбетов менен биргеликте медиация мыйзамы        тууралуу  телекөрүүчүлөргө  кеңири  маалымат беришти. Анда белгилүү болгондой, учурда Нарын облусунда үч медиатор иш алып барууда.

Медиация мыйзамда жазылгандай — талашкан тараптарды өз ара алгылыктуу макулдашууга алып келүү, алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен, медиатордун көмөгү астында жөнгө салуунун жол-жобосу болуп саналат.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк, коммерциялык жана иш жаатында чыр-чатак, талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүгө жардам берген медиаторлор иштей баштады.

Айта  кетсек,  медиация мыйзамы дүйнөнүн  бир катар өлкөлөрүнүн   турмушунда  колдонулуп, тажырыйба көрсөткөндөй  өзүнүн оң натыйжаларын берип келүүдө. Белгилүү болгондой сот өндүрүшүндө  чырлашкан тараптардын сөзсүз  бир тарабы утат ал эми экинчи тарабы утулуп келет. Ал эми медиацияда  медиаторлор чырлашкан тараптарды сотко жеткирбей  элдештирип, маданияттулук менен талаш-тартыштарды чечүүгө аракеттерди жасайт. Натыйжада эки тарап тең өздөрүн канааттандырган чечимге келе алышат. Экинчиден  медиация  мыйзамы  өлкөбүздөгү сот өндүрүшүндөгү талаш тартыштарды жеңилдетүүгө  да багытталган.

Б.Белеков. Нарын облустук сотунун басма-сөз катчысы