Бүгүн, 24 — октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу көйгөйлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өз ишин баштады. 

Улуттук тренер катары Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы М.П. Мельникова, Бишкек шаардык сотунун судьясы А.Н. Кудайбергенов, эл аралык тренер катары “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун төрагалык кылуучу судьясы Томас Херманн чыгышты.   

Семинар 2017-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин колдонуу жана колдонуудагы көйгөйлүү маселелерин табуу боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимдерин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган. Семинардын программасы боюнча  маселенин 9 блогу каралат, алардын негизинде ушул кодекстин ар кайсыл ченемдерин колдонуудагы көйгөйлөр боюнча дискуссия өтөт.

Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучуларды сурамжылоо жүргүзүлөт жана сертификаттар тапшырылат.

Иш чара “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун  техникалык колдоосу менен 2018-жылдын Окуу планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулду.