2018-жылдын  22-23 октябрында, кыйноолорду колдонуу фактылары бонча жазык иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу  Кыргызской Республики жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн  эки күндүк семинар өттү. 

Улуттук тренерлер катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  лекторлору  Б. Джаналиев – Бишкек ш. Октябрь райондук сотунун судьясы,   У.Азимов – укуктук эксперт, А.Асылбекова – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун соттук-медициналык эксперти, Т. АсановКөз карандылыкка каршы Борбор Азиялык альянс уюмунун психиатры чыгышты. Ал эми эл аралык тренер катары  “Дарыгерлер адам укуктары үчүн” эл аралык уюмдун эксперти  Русудан Бериашвили чыкты.

Судьялардын негизги ролу улуттук мыйзамдардын(анын ичинде эл аралык  мыйзамдардын, эгерде ал улутук мыйзамдарга киргизилген болсо) ченемдерин колдонуу жана көз карандысыздыкты  жана адилеттүүлүктү жетекчиликке алып сот адилеттигин ишке ашыруу  болуп саналат.

Күнөлүү же күнөөлүү  эместиги жөнүндө чечим чыгарууда, ошондой эле мамлекетке карата жеке жактардын доолорунун  маңызын кароодо, судьялар позициянын маңызын  жана ар бир тараптын аргументтерин белгилей алган фактыларга жана тийиштүү мыйзамга гана таяна алат. Бирок, адилеттүүлүк ошондой эле алар  карап жаткан кырдаалга тиешелүү баардык факторлорду, анын ичинде сот отурумунун залындагы угуучулардын жүрүм-турумун же соттук процессти кабыл алуусун да, судьялар  түшүнүшүн  талап кылат. Мында, башкаруу жол жобосу, укук маселелери боюнча  чечим чыгаруу, иш боюнча жыйынтык чыгаруу жана соттук чечимди же өкүмдү чыгаруу гана эмес, ошондой эле адилеттүү жана калыс  соттук териштирүүнү камсыз кылуу  кирет.

 

Кыйноолор адам укуктарын олутуу  бузуу болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинде эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес, эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу, тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө маанилүү ү жобо бекитилген. .

 Кыйноолор менен күрөшүү жаттында  башкы эл аралык акты болуп 1984-жылдын 10-декабрындагы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 39/46 Резолюциясы менен кабыл алынган,  кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого каршы Конвенция болуп саналат.

Ущул  Конвенция кыйноолорго карата  универсалдуу юрисдикцияны бекитти. Бул кыйноолорду колдонууга күнөөлүү адамдар баардык мамлекеттердин бийлиги тарабынан куугунтуктоого алынат,  күнөөлүүнүн жарандыгына жана кылмыш жасалган жерге  көз карандысыз. 1996-жылдын 26-июлундагы №46 Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы бул Конвенцияга кошулган.   

Семинардын жыйынтыгы боюнча угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 469-р буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасында кыйноолорго жана  башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр баркын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы аракеттенүү боюнча Иш-чаралардын планын, ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын   аткаруунун  алкагында өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.