Бүгүн, 2018-жылдын  26 — октябрында, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун   конференц-залында болуп өткөн эки күндүк семинардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын  жаңы Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу жөнүндө иштерди кароодогу актуалдуу көйгөйлөргө арналган  тегерек стол  болуп өттү.

Тегерек столдун ишине  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  жарандык иштер боюнча жана административдик жана экономикалык  иштер боюнча соттук коллегиясынын  судьялары катышышты.    

Иш чаранын  катышуучулары “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун төрагалык кылуучу судьясы Томас Херманн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун отставкадагы судьясы  Лариса Гутниченконун докладдарын угушту.  Ошондой эле  доклад менен Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова дагы чыкты.

Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын  жаңы Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу көйгөйлөрүнө тиешелүү актуалдуу маселелер, ошондой эле болуп өткөн семинардын жыйынтыктары каралды. 

Иш чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ долбоорунун  техникалык колдоосу менен 2018-жылдын  Окуу планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулду.