“Соттук этиканын эрежелерин жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча  эрежелерди сактоо – коррупциянын алдын алуунун маанилүү механизми” аталышта  эки күндүк семинар өз ишин баштады.

Семинарда саламдашшуу сөздөрү менен  Тургунбаева Раушанай Куттубаевна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  директору, Е. П.  Микаэль Ру – Кыргыз Республикасындагы Франция мамлекетинин элчиси, Никола Скарамуццо – Кыргыз Республикасындагы Европа бирлигинин өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун  менеджери, Стефанос Кареклас – “Кыргыз Республикасында  укук үстөмдүүлүгүн  бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза” программасынын  жетекчиси чыгышты.

Улуттук тренерлер катары: Гутниченко Лариса Викторовна – отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген юристи, Салиев Калыгул Абдылдаевич — экс судья; эл аралык тренер катары – Жан — Мари Юе,  в отставкадагы  магистрат, Франциянын  Жогорку магистратура кеңешинин  мүчөсү чыгышты.

Семинардын негизги максаты соттук этиканын эрежелерин жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча  эрежелерди сактоо боюнча  судьялардын квалификациясын  жогорулатуу болуп саналат.

Соттук этика – моралдык жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы, сот адилеттигинин максаттарына жетишүү үчүн судья аны жетекчиликке алууга тийиш.  

Адамдардын жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин  толук кандуу коргоо компетентүү көзкарандысыз сот тарабынан сот адилеттигин  тийиштүү түрдө  аткаруу, коомчулуктун сотко  ишенимин бекемдөө, судьялар тарабынан соттук этиканын ченемдерин жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча  эрежелерди кынтыксыз сактоону талап кылат. 

Кыргыз Республикасынын судьялык этика Кодекси сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо максатында судьялардан жеке кадырын сактоону, өз аброюн сезе билүүнү, сот бийлигинин беделине шек келтире турган жана сот акыйкаттыгын жүргүзүүдө соттун калыстыгына, ишбилгисине, адилеттүүлүгүнө күмөн санай турган нерселерден алыс болууну талап кылат.

Семинардын жыйынтыгы боюнча  сурамжылоо жүргүзүлөт жана тийиштүү сертификаттар тапшырылат.

Семинар 2018-жылдын Окуу планына ылайык жогоруда аталган Долбоордун көмөктөшүүсү  менен  өткөрүлүүдө.