Бүгүн,  2018-жылдын  30-октябрында, Бишкекте «Жазык — укуктук багыттагы жаңы мыйзамдар» деген аталыштагы кезектеги ExpertCafe болуп өттү.

Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча орун басары Каныбек Бокоев,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы  Аскат Сыдыков,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия Эралиева, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы башкармалыгынын   башчысы Бегалы Пирманов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору Азиз Шукурбеков, Кыргыз Республикасынын  адвокаттар кеңешинин төрагасы  Билим Райымкулов жана  ошондой эле юридика илимдеринин доктору, профессор,  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин  Юридика факультетинин деканы, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуучулардын бири Кынат Сманалиевдер  катышышты.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 1-январынан баштап “Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдары күчүнө кирет.

Новеллалардын  ишке кириши  бир гана   сот тутумунан эмес,  прокуратура органдарынын, адвокатуранын, Ички иштер министрлигинин, Өкмөттүн дагы даярдыгына байланыштуу болот.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Кынат Сманалиев билдиргендей, иштелип чыккан кодекстер эл аралык стандарттарга жана  Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга болгон туруктуу өнүгүүсү стратегиясына  жооп берет. Учурда колдонуудагы  жазык-процесстик кодексинде репресивдүү мүнөздөгү элементтер болуп,  сотко чейинки жана соттук өндүрүш анча өнүккөн эмес.Ушул  жагдайларды эске алып, жаңы кодекстерди иштеп чыгууга туура келген.  Мында  жаңы түшүнүктөр жана институттар дагы киргизилип жатат. Алар  соттук көзөмөл, тергөө судьясы,  пробация, процессуалдык макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун  Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча орун басары Каныбек Бокоев  жаңы Жазык Кодексинин негизги максаттары болуп сот адилеттигин гуманизациялоо, кылмыштуу жосундарды декриминализациялоо, жаза түрлөрүн жана тутумун реформалоо болуп саналаарын белгиледи.

“Азыркы колдонуудагы Кылмыш-жаза Кодексиндеги кылмыш жоруктары бөлүнүп алынып, жаңы Жоруктар жөнүндөгү Кодексине киргизилген. Ал кылмыш жоруктары азыркы колдонуудагы Кылмыш-жаза Кодекси боюнча чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар болуп саналат. Жорук үчүн жоопкерчиликке тартылган адам соттолгон болуп саналбайт”,- деп билдирди Боокев.

Ошондой  эле  Каныбек Бокоев  билдиргендей азыркы колдонуудагы Кылмыш-жаза Кодексинин өзгөчө бөлүгү боюнча 280 статья же кылмыш каралган, ал эми жаңы Жазык Кодексинин өзгөчө бөлүгү боюнча 266 статья же кылмыш каралган. Ал эми,  колдонуудагы Жазык-процесстик Кодексинде 441 статья бар болсо, жаңы кодексте 535 статья каралган.

Жаңы институт катары кирип жаткан тергөө судьясы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия Эралиева кеңири токтолду.

-Жаңы Жазык-процесстик Кодекс боюнча тергөөгө соттук контроль жүргүзүү үчүн жаңы процессуалдык фигура киргизилүүдө, ал тергөө судьясы. Жазык-процесстик Кодексинин 5-ст. 41-п. ылайык тергөө судьясы — шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө тергөө судьясынын акты (токтому) менен 46 тергөө аракеттери жүргүзүлөт.  Жаңы Жазык-процесстик Кодексинин 67-ст. 1-б. ылайык сотко чейинки өндүрүшкө катышуучу тергөө судьясы биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто ошол эле ишти маңызы боюнча кароого катыша албайт. 2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамга ылайык 1-инстанциядагы соттордун судьяларынын саны дагы 56 штаттык бирдикке көбөйөт жана алар ар бир сотко иш жүктөмүнө жараша бөлүштүрүлөт.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы башкармалыгынын   башчысы Бегалы Пирманов  аталган минитсрликтин  бул багытта жүргүзүп жаткан иш чараларына токтолуп кетти. Анын айтымында,  Ички иштер министрлигинин Академиясы менен республикалык окуу борборунда  жаңы мыйзамдарды колдонуу боюнча   10 миңден ашык кызматкер  атайын окуулардан  өтүшкөн.  Мындан  тышкары  Кылмыш-жаза кодекси,  Жазык-процесстик кодекс жана Жоруктар кодекси  боюнча  3600 кодекстер , ошондой эле Бузуулар жөнүндү кодекстен 1600 даана  басылып чыгып, кызматкерлер камсыз болгондугун маалымдады. Ал эми  Ички иштер министрлигинде  жоруктар боюнча  сотко  чейин  өндүрүштү жүргүзө турган жаңы кызмат ачылып жаткандыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору Азиз Шукурбеков прокуратура органдарына  жазык-укуктук статистиканы жүргүзүү  функциясы коюулгандыгын билдирди.   Мындан ары  кылмыш иштерин каттоо Ички иштер минитсрлигине  жүктөлсө,  өз убагында катталуу жана көзөмөл   прокуратура органдарына жүктөлгөн. Бул  максаттар үчүн  бирдиктүү атвоматташтырылган   система түзүлгөн. Тагыраак айтканда, электрондук каттоо  китеби иштелип чыгып, бул программанын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестери түзүлөт. Мындан ары бардык кылмыштар менен жоруктар  бирдиктүү базада катталат. Ага кирүүгө арыз жазган адамдын  өзүнүн дагы мүмкүнчүлүгү  пайда болот.

Белгилей кетсек, ExpertCafe  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) колдоосу менен уюштурулуп, жолугушууга  30га жакын   жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып,   кызыктырган  суроолоруна  жооп  ала алышты.