Бүгүн, 2018-жылдын  1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда М. Рыскулбеков атындагы  Кыргыз экономикалык университетинин юридика факультетинин студенттери үчүн  “Ачык эшиктер күнү” уюштурулду.

Башкы максат,  Кыргызстандагы жогорку  окуу  жайларынын  студенттерин  сот  тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу жана коомчулуктун сотторго болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.

Ачык эшик  күнүндө   студенттер Жогорку  соттун  имаратынын  тарыхы,   иштөө  тартиби, сот  залдары  жана кеңсе  бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен кеңири   таанышышты.

Мындан  сырткары студенттер  Жогорку  соттун  судьялары  Турсунгул Чаргинова жана Нургуль  Бакирова менен жолугушушту.

Баарлашууда, судьялар  сот  тутумундагы  өз  тажрыйбалары  жана  судьянын  милдети  туурасында айтышып,   студенттердин кызыктырган суроолоруна  жооп беришти.