Бүгүн, 2018-жылдын  1-ноябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева   Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде  болду. Сот департаментинин директору Рустам  Ибраимов төрайымга  имаратты жана  кызматкерлердин  иш  бөлмөлөрүн көрсөттү.

Андан  соң, Сот департаментинин түптөлгөнүнүн  24  жылдыгына  арналган салтанаттуу жыйын  болуп,  мекеменин стаст-катчысы Сталбек Калмаков  Сот  департаментинин    тарыхы жана  ишмердүүлүгү  туурасында  маалымат берди.

Ал эми, өз сөзүндө Жогорку соттун төрайымы Гульбара  Калиева Сот  департаментинин кызматкерлерин куттуктап,  “Соттук реформа  аягына чыгып жатат.  Жаңы жылдан баштап жаңы мыйзамдар менен кодекстер күчүнө кирет. Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестр киргизилип жатат. Биз буга  жакшы даяр болушубуз керек”-деп  билдирип, жалпы кызматкерлерди  эң биринчи  кезекте эмгек жана  аткаруу тартибин сактап,  кызматтарын  ак ниеттүүлүк менен  аткарууга  чакырды.

Салтанаттуу жыйындын  соңунда, эмгеги менен  өзгөчөлөнгөн  кызматкелерге Жогорку  соттун  атынан   “Алкыш”  жарыяланып  тапшырылды.