Урматтуу маалымат жана басма сөз кызматкерлери!

    Сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин, ардагерлер кеңешинин жана  жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Маалымат жана басма сөз күнү өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени, бул майрам чындыктын, сөз эркиндигинин жана калыстыктын белгиси болуп калды.

Кылым карыткан кыргыз элинин улуттук асыл мурастарын, дөөлөттөрүн сактап калууда, элибизди патриоттук сезимде, ыймандуулукта, ынтымактуулукта тарбиялоодо жана руханий байлыгын өстүрүүдө, эгемендүү жаш мамлекетибизди көз карандысыз мамлекет кылып кармап турууда жана өлкөбүздү өнүктүрүүдө улуттун уңгусу болгон мамлекеттик идеологияны жүргүзүүдө колунда курч калеми бар журналисттер болбосо, анда биз руханий дөөлөтүбүз күчтүү эмес эл болуп калмакпыз.

Сиздердин иш дайыма жоопкерчиликти, көрөгөчтүктү,  тактыкты талап кылат. Ошондуктан коомдо болуп жаткан ар бир ирмемди сиздердин берген маалыматыңыздар аркылуу кабыл алып келебиз.  Андыктан калемиңиздер курч, маалыматыңыздар жеткиликтүү болсун.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап, Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден-соолук каалаймын!