KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

7-апрелде “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель революциясын эскерүү иш чарасы өттү

08 апреля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы Гульбара Калиева 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү иш чарасына  катышты.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев,  КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.


Апрель окуясында шейит кеткендерге куран окутулуп, “Ата-Бейитте” сөөгү коюлгандардын эстелигине гүлчамбар коюлду.


«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин, иш чаранын катышуучулары менен биргеликте Гульбара Калиева Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы  2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду.