KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлери жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү

17 марта 2020

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун  төрагасы Нурдин Ибраимовдун  жетекчилиги менен  ишембилик өткөрүлдү.  Иш чарага райондук соттун судьялары Эрмек Шаршеев, Руслан Маматкулов, Эльдарбек Мамыров, Ак-Суу районунун прокурорунун орун басары Улан Сулайманов, соттун  кызматкерлери   жана  сот приставдары катышышты.


Соттун имаратынын айланасы ирээтке келтирилип,  бардыгы 15 көгүлтүр карагайы жана 15 пихта карагайы  отургузулду. Карагайлардын көчөттөрү В.П.Фатунов атындагы  Ак-Суу  токой тажрыйба чарбасынын колдоосу менен алынган.


Аймактардын тазалыгын сактап, санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында  облус боюнча үч айлык жарыяланган.


Андыктан, жаз айларынын ар аптасынын соңунда соттун имаратынын аймагында ишембиликтерди өткөрүү улантылмакчы.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


 Гульзада Аширбаева