KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Антон ван Калмсоут: « «Пробация жөнүндө» Мыйзам эффективдүү жана кылдат иштелип чыккан»

12 апреля 2019

2019-жылдын  12- апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева көз карандысыз өкмөттүк эмес  — Эл аралык  абак реформасы (PRI) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушууга Жогорку соттун судьялары  Кеңешбек Токтомамбетов жана Аскат Сыдыков катышышты. PRI делегациясынын  башында эл аралык эксперт Антон ван Калмсоут,  ошондой эле  Эл аралык  Penal Reform International уюмунун  (Эл аралык абак реформасы) Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык директору Азамат Шамбилов, PRI долбоорлорунун координатору Айгерим Азимовалар болду.


Жолугушуунун максаты Эл аралык абак реформасынын (Нидерланды) Жогорку Башкаруучу  Кеңешинин орун басары,  PRI уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири,  кылмыш-жаза сот адилеттиги маселелери боюнча  Европа Кеңешинин эксперти,  Европа  чөлкөмүндө  заманбап пробация  идеясынын негиздөөчүсү,  Европалык  пробация эрежелеринин авторлорунун бири   Антон ван Калмсоуттун жумушчу сапарынын алкагында PRI уюмунун  Кыргыз Республикасындагы  алдыдагы иштери туурасында маалымат берүү болуп саналат.


Дүйнөнүн 47  өлкөсүнүн  тажрыйбасын изилдеген  эксперттин баасы боюнча, Кыргыз Республикасында  кабыл алынган “Пробация жөнүндө” Мыйзам  эффективдүү жана кылдат  иштелип чыккан.  Эксперт мындай мыйзам башка өлкөлөрдө жок экендигин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан  экинчи фазага  өтүүгө даяр экендигин жана жазанын альтернативдүү түрлөрүн колдонууга даяр экендигин кошумчалады. Антон ван Калмсоут PRI уюму Кыргыз Республикасында пробация институтун  өнүктүрүүгө көмөктөшө тургандыгын жана  судьялар менен аппарат кызматкерлерин  окутууга  байланышкан иштерди баштоого даяр экендигин белгиледи.


Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жашы жете электер жана  аялдар үчүн  мекемелерди кайра  адистештирүү зарылдыгы жөнүндө  актуалдуу маселеге эксперттин  көңүлүн бурду. Ошондой эле төрайым  2017-жылы “ Үй-бүлөлүк зомбулуктан  сактоо жана коргоо жөнүндө ”  КР  Мыйзамы кабыл алынгандыгын  жана  пробациянын алкагында  түздөп-тактаган  программалар  натыйжалуу болмок экендигин белгиледи.


Жолугушуунун соңунда  тараптар  мындан ары дагы байланыштарды  жана кызматташтыктарды бекемдөөгө кызыктар экендигин билдиришти.