KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму менен жергиликтүү бийлик  тегерек стол өткөрүштү      

28 января 2022

Кечээ Ат-Башы райондук сотунун демилгеси менен райондук мамлекеттик админстрациясынын жыйындар залында жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү аксакалдар сотторунун төрагалары,райондогу укук коргоо органдарынын жетекчилери,  айыл тургундары менен  жолугушуу болду.


Жолугушууга Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы  Эмилбек Абдыкадыров Нарын облустук  административдик сотунун   төрагасынын милдетин аткаруучу Махабат Чагалдакова жана Ат-Башы райондук сотунун төрайымы Абжалбек кызы Зарина жана Ат-Башы райондук сотунун судьясы Жоомарт Ганиев  катышты.


Жолугушуу тегерек стол форматында өтүп, “Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин  265-беренесине ылайык  ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу  менчик укугун  таануу туурасындагы  талаштар,  жер үлүш боюнча жана    никеден ажыратуу тууралуу  маселелер ортого салынды.


Алгачкылардан болуп сөз алган Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова өзүнүн кириш  сөзүндө бүгүн ортого салынып жаткан маселелер боюнча сот тутумуна жарандардын кайрылуулары көп болуп жаткандыгын, андыктан жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөрүнүн  жетекчилери  менен биргелешип иш алып баруу менен жарандардын убаракерчиликтерин жеңилдетүүгө болорлугуна бир катар  аргументтүү мисалдарды келтирди.


— Акыркы жылдары сотко никеден ажыратуу боюнча иштер көп түшүп жатат.Үй-бүлө деген мамлекет ичиндеги мамлекет экендигин эске ала турган болсок, бул багытта ойлонуучу иштерибиз арбын. Айыл өкмөт башчысы, айылдардагы  аксакалдар соттору  бүлөлөрдүн  бекем болуусуна сотко жеткирбей жардамга келүүлөрү керек . Ажырашуулардан биринчи ирээтте алардын ортосундагы балдары психологиялык жактан жабыркайт.  Демек, уй-бүлө  бузулгандан кийин  ага тиешелүү    адеп –аклак, балдарга берилүүчү тарбия  сыяктуу көптөгөн  факторлорго  өзүнүн таасирин тийгизет, -деди облустук соттун жетекчиси.


Бул күнү тегерек столдо Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы  бөлүмүнүн   жетекчиси ошондой эле айрым  айыл тургундары   күбөлүгү жок жер үлүштөрү,    үлүшкө бөлүнгөн сарайлардын  менчик укугу тууралуу  убагында айыл өкмөттөрү тарабынан тиешелүү буйрук, чечимдер чыгарылбай калып,  ортодогу убаракерчиликтер тууралуу маселелерди ортого салышты.


Аталган маселелер боюнча келип чыккан суроолорго  Нарын облустук админстративдик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Махабат Чагалдакова мененАт-Башы райондук сотунун төрайымы Абжалбек кызы Зарина   түшүндүрмө беришип, жергиликтүү  бийлик органдары  биргелешип иш алып баруулары  керектигине токтолушту.


Жолугушуунун соңунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек Абдыкадыров бүгүнкү тегерек стол бул жагдайдагы  чечилбей келген иштердин алдыга жылуусунун башаты болгонун белгилеп, бүгүнкү жолугушууга катышкан   сот тутумунун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.


                 Нарын облустук  сотунун  басма-сөз кызматы