Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен болгон видеоконференцияда, сотторду санариптештирүүдө аудио жана видео байланыштарды орнотуу, автоматташтырылган маалымат системасы, иштерди автоматтык бөлүштүрүү кандай ишке ашып жаткандыгын сурады.
Г.Калиева облустук соттор бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүүдө райондук сотторго көмөктөшүп, анализ жасоо менен, сот актыларын өз убагында act.sot.kg сайтына жайгаштырууну талап кылды.
Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштеп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, аксакалдар соттору, медиаторлор менен иш алып баруу маселесин көтөрдү.
Иштерди өз убагында, мөөнөттөрүн өткөрбөй карап, судьяларды элге жакын болуу, жарандар жана жергиликтүү органдар менен мамиле түзүүнү өздөштүрүп, үзгүлтүксүз окууларды улантып, эмгек жана аткаруу тартибин катуу сактоого чакырып өттү.
Төрайым жергиликтүү сотторго коюулган бардык талаптар боюнча кийинки видеоконференцияда маалымат ала тургандыгын эскертти.