KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бүтүрүүчү класстардын окуучулары Жумгал райондук сотунда болушту

06 мая 2019

Нарын облусунун  Жумгал райондук сотунда   “Ачык эшиктер” күнү  болду. Аталган  иш чарага Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучулары, ошондой эле Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымын алып жүргөн мектептин 11 жана 9- классынын окуучулары келишкен.


Мектеп окуучулары сот имаратынын  баардык бөлмөлөрүн көрүп чыгышты. Райондук соттун төрайымы Айсейил Айдыралиева менен судья  Бакыт Нурбаев райондук соттун  жалпы ишмердүүлүгү  жана  аткара турган  милдеттери тууралуу   маалымат беришти. Ачык эшиктер күнү  суроо –жооп иретинде уланып, окуучулар өздөрүн кызыктырган  түрдүү суроолоруна жоопторду алышты.


Айрыкча келечекте юридикалык билим алууну максат кылышкан окуучулардын суроолоруна  жеке эле судьялар эмес, райондук соттун аппаратында иштеп жатышкан судьялардын, жардамчылары, катчылары да жооп беришип, өз кесиптеринин өзгөчөлүктөрү тууралуу да кенен кеп кылышты.


Жолугушуунун соңунда окуучуларды баштап келишкен мугалимдери райондук соттун эмгек жамаатына   терең ыраазычылыктарын билдиришти.   Алардын айтымында,  аталган иш чара  окуучулардын  укуктук жактан сабаттуулугуна жана сот тармагы боюнча жалпы түшүнүк алууларына мүмкүнчүлүк түзүп, экинчи жагынан алардын келечекте кесип тандоолоруна да  жардамын берет.


 


            


       Б. Белеков.


       Нарын облустук сотунун


      басма сөз катчысы